,

Токтогул шаары, Черноткач көчөсү, 5

Жаңылыктар

04.12.2024

Кароолор (43)

Токтогул шаарындагы Кудаш Момункулов, Шакир Кенжетаев көчөлөрүнө тротуарлар салынды.

Токтогул шаарынын аймагында жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү, анын ичинде ички жолдордун абалын, жөө адамдар жүрүүчү тротуарларды калыбына келтирүү боюнча иш-чаралар аткарылууда. Социалдык Экономикалык Өнүктүрүү Программасынын алкагында алдыга койулган пландар ишке ашып, бүгүнкү күндө Кудаш Момункулов көчөсү Бекташов көчөсүнөн Суеркулов көчөсүнө чейин, Шакир Кенжетаев көчөсү Суеркулов көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейинки аралыгынын жалпы узундугу 1000 м жерине тротуар курулду.

Иш-чаралардын алкагында жолдун бойунда жайгашкан курулуш ээлерин тротуардын курулуш иштерин жүргүзүүдө тоскоолдук жаратуучу курулуштарын, тосмолорун алдыртуу жагы милдеттендирилип, мындан алдын да курулуштарын мыйзамдын талабына, кызыл чийинден ашпай жүргүзүү боюнча эскертүүлөр берилди.

Жарандарга шарттарды түзүүгө болгон иш аркеттер аткаруу бийлиги тарабынан мындан ары да белгиленген тартипте улантыла берилмекчи.