Жаңылыктар
09.01.2026
Кароолор (8)
Токтогул шаарынын №2 Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектебинде «Атам, апам жана мен» аталышындагы эстафета оюну өткөрүлдү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгу жолу жөнүндө №369 Жарлыгынын алкагында уюштурулду.
Эстафета оюнунун салтанаттуу ачылышына Токтогул шаарынын мэринин орун басары Т. Дарманова жана Токтогул шаардык аялдар кеңешинин төрайымы А. Түлөкеева катышып, бардык катышуучуларга ийгиликтерди каалашты.
Мелдешке Токтогул шаарында туруктуу жашаган 8 жаштан 12 жашка чейинки окуучулар жана алардын ата-энелери активдүү катышып, катышуучулар арасында тез чуркоо, топ менен тапшырма аткаруу, обруч менен чуркоо, шар жаруу, жаздык урушуу сыяктуу кызыктуу таймаштар уюштурулуп, оюндар жандуу жана шаңдуу маанайда өттү.
Мелдештин жүрүшүндө ДЮСШ спорт мектебинин калыстар тобу калыстык кылып, жыйынтыгында жеңүүчүлөргө Токтогул шаардык мэриясы тарабынан кызыктыруучу белектер тапшырылды.