,

Токтогул шаары, Черноткач көчөсү, 5

Жаңылыктар

27.04.2024

Кароолор (3)

Токтогул шаарынын аймагында 22-апрель Бүткүл дүйнөлүк жер күнүнө карата "Жер энеге таазим" тазалык акциясы болуп өттү.

Тазалык акцияга Токтогул шаарынын аймагындагы 11мектептин мугалимдери, окуучулары, 9 балдар бакчалардын эмгек жамааттары, Балдар өспүрүмдөр спорт мектеби, Балдар чыгармачылык үйүнүн кызматкерлери, ИСИТО окуу жайы, N39А. Бердалиев атындагы кесиптик лицейи, мекеме ишканалар, Токтогул шаардык кеңештин депутаттары катышышты.

Мектеп окуучулары Токтогул шаардык мэриясы тарабынан кап, кол кап, суу (султан чай , легенда, дюшес ж.б) камсыздалды.

Шаарыбыздын тазалыгына, уюштуруу иштерине өзгөчө чоң салымын кошкон "Жаш муун " коомдук уюмуна, жетекчиси Илятбү Сатарова эжебизге ыраазылык билдиребиз.

Шаарыбыздын тазалыгын сактайлы!