Жаңылыктар
18.09.2025
Кароолор (20)
Токтогул шаарынын аймагында үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен инфратүзүмдүк долбоорлор ишке ашууда.

2025-жылга Токтогул шаардык мэриясы тарабынан Үлүштүк дем берүүчү гранттардын эсебинен каржылоого жалпы 3 долбоор даярдалып, колдоого алынган.
Алар Токтогул шаарына караштуу Кара-Суу айылынын № 19 Келечек балдар бакчасынын айланасын тосуу, шаар ичиндеги №1 Достук балдар бакчасынын чатырын жана полун алмаштыруу, Токтогул шаарынын Бөкөнбаев көчөсүнө Шакиров көчөсүнөн тарта Азаке көчөсүнө чейинки аралыгына жөө жүргүнчүлөр үчүн жол (тротуар) салуу.
Аталган долбоорлордун алкагында Келечек балдар бакчасынын айланасы бүгүнкү күндө толугу менен тосмолонсо Достук балдар бакчасынын чатыры жана полу алмаштырылды.
Алдынкы убакытта Бөкөнбаев көчөсүнүн Шакиров көчөсүнөн тарта Азаке көчөсүнө чейинки аралыгына жөө жүргүнчүлөр үчүн жол (тротуар) салуу иштери ишке ашмакчы.
Үлүштүк (дем берүүчү) гранттар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына конкурстук негизде берилет.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бул долбоорлорду даярдоо жана аны ишке ашыруу боюнча нускамада каралган шарттарга ылайык гранттарды алууга табыштама берет. Үлүштүк гранттарды каржылоо эрежелерине ылайык тийиштүү финансылык жылдын ичинде аяктоого жана пайдаланууга берилүүгө тийиш болгон мамлекеттик жөлөк болуп эсептелинет.