Жаңылыктар
26.05.2025
Кароолор (11)
Токтогул шаарынын аймагындагы билим берүү мекемелеринде бүтүрүүчүлөрдүн “Акыркы коңгуроо” салтанаты болуп өттү.

Токтогул шаарынын мэри Болот Максутбаев шаар аймагындагы №2 Жоомарт Бөкөнбаев мектебинин бүтүрүүчүлөрүн мектепти ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, келечекте кыргыз элинин бир бурчун көтөргөн уул кыздардан болуусуна, келечек жашоолорунда жалан гана ийгиликтер коштоп жүрүүсүнө тилектеш экендигин билдирип, окуудагы жетишкендиктери жана үлгүлүү жүрүм туруму менен айырмаланган окуучуларга грамоталарды тапшырды.
Ошондой эле шаар аймагындагы 10 жалпы билим берүүчү мектептерге жана 2 кесиптик лицейлердин бүтүрүү кечелерине шаардык мэриянын бөлүнгөн аппарат кызматкерлери катышып, бүтүрүүчүлөргө карата куттуктоо сөздөрүн, каалоо тилектерин айтышты.