Жаңылыктар
17.06.2025
Кароолор (5)
Токтогул шаарынын Ала-Бел участкасындагы мыйзамсыз курулуштар алынды.

Токтогул шаарынын мэри Болот Максутбаевдин тапшырмасына ылайык Ош-Бишкек жолунун боюнда жайгашкан күркөлөрдү алдыруу иштери жүргүзүлдү. Бунун алдын Токтогул шаардык мэриясы тарабынан күркө ээлерине соода сатык жайларын бир типтүү көрккө келтирип, айланасын таза кармоо боюнча бир нече жолу ооз эки да, кагаз түрүндө да эскертүүлөр берилген. Эки тараптуу сүйлөшүү учурунда күркө ээлери белгиленген тартипте милдеттемелерди аткаруу боюнча убадаларын бергени менен иш жүзүндө аларды аткарууга такыр эле кызыкдар эмес экендиги далилденген.
Күркөлөрдү алдыруу учурунда ар кандай кырдаалдардын алдын алуу, коопсуздук эрежелерин сактоо максатында Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнөн, Токтогул райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунан тиешелүү кыpматкерлер тартылды.
Учурдан пайдаланып Токтогул шаарынын жана ага караштуу айыл аймактардын туругундарын өз чегинен тышкары курулуштарды жүргүзүүдөн, ашыкча жайыт, муниципалдык жерлерди тосуудан карманууңуздарды сурап, белгиленген тартипке ылайык талаптарды аткаруудан баш тарткан учурда мажбурлоо ирээтинде чаралар көрүлөөрүн маалымдайбыз.