,

Токтогул шаары, Черноткач көчөсү, 5

Жаңылыктар

25.11.2024

Кароолор (24)

Токтогул шаарынын Бекташов көчөсүнүн кооптуу деп эсептелген бөлүгүнө жасалма дөңчөлөр орнотулду.

Токтогул району боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн эскертмеси жана жарандардын кайрылууларынын негизинде адам өмүрүнө коркунуч келтирүүчү жагдайларды, Токтогул шаарынын ичиндеги унаа жолунда жайгашкан мектептердин жана бала-бакчалардын тушунда жаш өспүрүмдөрдүн катышуусунда унаа кырсыктарын алдына алуу жана болтурбоо максатында шаар мэри Болот Максутбаев тарабынан тиешелүү кызматкерлерге ыкчам тапшырмалар берилип, жыйынтыгында Токтогул шаарынын Бекташов көчөсүнө (Коргоол, Сүйүналиев көчөлөрүнүн аралыгында) жасалма дөңчөлөр жана жол белгилери орнотулду.