Жаңылыктар
02.09.2024
Кароолор (108)
Токтогул шаарынын борбордук көчөсү болгон Сүйөркулов көчөсүнө шаар тургундарына ыңгайлуу шарттарды жана жарык маанай тартуулоо максатында жарыктандыруучу гриляндалар орнотулуп берилди.
Жеринен Токтогул шаарынын мэри Болот Максутбаев жана шаардык кеңештин төрагасы Мирбек Борбугулов таанышып келишти. Шаар тургундары аткаруу бийлиги тарабынан жасалган иш аракеттерди жылуу кабыл алууда.
Шаарыбызды көрктөндүрүүгө, ыңгайлуулуктарды түзүп берүүгө болгон иш аракеттер Токтогул шаардык мэриясына караштуу жерлерде жүргүзүүдө. Жакынкы күндөрү Бала-Чычкан, Кара-Тектир, Кызыл-Туу айылдарында эскилиги жеткен электр мамычаларын алмаштыруу иштери, Сүйөркулов көчөсүнө жайгашкан 34 үйдүн сыртын оңдоо иштери бүткөрүлмөкчү.