Жаңылыктар
14.09.2025
Кароолор (24)
ТОКТОГУЛ ШААРЫНЫН ЭРГЕШ ОРМОНОВ АТЫНДАГЫ СТАДИОНУ САЛТАНАТТУУ АЧЫЛДЫ

Бүгүн, 14-сентябрь күнү Токтогул шаарында жаңыланган Эргеш Ормонов атындагы стадиондун ачылыш аземи орун алып, ага Кыргыз футбол биримдигинин Президенти Камчыбек Ташиев катышты.
Ачылыш азем Кыргыз Республикасынын Улуттук лигасынын «Токтогул» - «Базар-Коргон» футболдук клубдарынын беттеши менен уланды.
«Биздин күчүбүз — биримдикте, биздин келечегибиз — жаштарда. Бул стадион спорт аркылуу улутубузду чыңдоого, достукту бекемдөөгө жана Кыргызстаныбыздын кадыр-баркын көтөрүүгө кызмат кылат! Мекенге берилгендик менен ойной турган футболчулар ушул жерден өсүп чыгып, кыргыз футболунун даңкын дүйнөгө таанытаарына ишенимим чоң!», - деп белгиледи өз сөзүндө КФБ жетекчиси Камчыбек Ташиев.