,

Токтогул шаары, Черноткач көчөсү, 5

Жаңылыктар

13.05.2025

Кароолор (2)

Токтогул шаарынын Кызыл-Туу айылынын Конушбай-Ата көчөсүн асфальттоо иштери аяктады.

Жарандарга шарттарды түзүп берүү, айылдын инфраструктарасын жакшыртуу максатында  Конушбай-Ата көчөсүнүн 500 метр жерине асфальт төшөлүп, бүгүнкү күндө Кызыл-Туу айылынын тургундарына ыңгайлуу жол жеткиликтүү болду. 

     Асфальт төшөө жумуштарынын алкагында аталган көчөдө суу өткөрүүчү трубалар зарылдыгына жараша алмаштырылып, крулуш жүргүзүүдө тоскоол жаратуучу объектилер буздурулуруп алынды.

     Эске салсак республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып Арал айылынын Кенжегара көчөсүнүн 1040 метр жери, Кызыл-Туу айылынын Конушбай-Ата көчөсүнүн 500 метр жерине  асфальт төшөө жумуштары бүткөрүлсө, жакынкы аралыкта Токтогул шаарынын Кыргызстан көчөсүнүн 1300 метр жерин асфальтоо иштери аягына чыгарылмыкчакчы. 

     Аткаруу бийлиги тарабынан алдыда дагы мүмкүнчүлүктөргө жараша жалпы элдин кызыкчылыгын камтыган иштер жүргүзүлө берилмекчи.

 

#Токтогул

#Токтогулшаары

#Токтогулшаардыкмэриясы