,

Токтогул шаары, Черноткач көчөсү, 5

Жаңылыктар

27.01.2026

Кароолор (4)

Токтогул шаарынын мэри Бекмамат Бактыбеков «Азия Продукт» ЖЧКсынын аткаруучу директору Махмуд Ризванов менен жолукту.

 

Жолугушууда балык чарбасынын курулушунун жүрүшү талкууланып, тараптардын өз милдеттенмелерин так сактоосу боюнча маселелер көтөрүлдү. Ошондой эле иш процессинде жаралган тоскоолдуктарды тез арада жоюу боюнча шаар мэри тиешелүү кызматтарга бир катар тапшырмаларды берди.

Аталган долбоор балык запастарын сактоого, көбөйтүүгө жана сарамжалдуу пайдаланууга багытталып, балык чарба комплексинин туруктуу иштешин камсыздоону көздөйт. Мындан тышкары, өлкөнүн ички сууларында аквакультураны өнүктүрүүгө жана балык азыктарына болгон ички керектөөнү камсыз кылууга өбөлгө түзөт.

Долбоордун алкагында атаандаштыкка жөндөмдүү балык өндүрүшүн калыптандыруу, сапаттуу балык тукумун көбөйтүүчү материалдар менен камсыз кылуу, ошондой эле товардык балыктарды кайра иштетүү үчүн тийиштүү инфраструктураны түзүү пландалууда.

Долбоор ишке ашырылган соң жогорку сапаттагы азыктар өндүрүлүп, жергиликтүү тургундарды жумуш менен камсыз кылууга шарт түзүлөрү күтүлүүдө.