,

Токтогул шаары, Черноткач көчөсү, 5

Жаңылыктар

20.05.2025

Кароолор (19)

Токтогул шаарынын мэри Б.Максутбаев Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы аким Акылбек Тюкебаев менен биргеликте Токтогул шаарындагы курулуш иштери жүрүп жаткан объектилерди жеринен көрдү.

Токтогул шаарынын мэри Б.Максутбаев болуп Токтогул шаарынын аймагында курулуш иштери жүрүп жаткан борбордук стадионду, спорт комплексти, Н.Бримкулов атындагы мектеп-гимназиясынын капиталдык ремонтун, Т.Тешебаев атындагы орто мектебинин курулушун, А.Иманбаев атындагы орто мектебинин абалын, эс алуу багынын, кичи футбол аянтчанын жана муниципалдык бакты жеринен көрүп, курулуш иштерин сапаттуу жан белгиленген мөөнөттө аткаруу боюнча тиешелүү кызматкерлерге тапшырмаларды берди.