,

Токтогул шаары, Черноткач көчөсү, 5

Жаңылыктар

29.06.2025

Кароолор (3)

Токтогул шаарынын мэри Болот Максутбаев автоунаа жолунун боюнда жайгашкан соода сатык менен алектенген ишкерлик объектилерди жеринен кыдырышты.

Токтогул шаарынын мэри Болот Максутбаев райондук экологиялык техникалык жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башчылары менен биргеликте Ош -Бишкек автоунаа жолунун боюнда жайгашкан соода сатык менен алектенген ишкерлик объектилерди жеринен кыдырышты.

Текшерүү учурунда көпчүлүк объектилердин тазалык абалы санитардык нормаларга туура келбегени аныкталып, тиешелүү кызматтар тарабынан ишкана ээлерине айлана чөйрөнүн тазалыгын сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мындай көрүнүштөр кайталана бере турган болсо, мыйзам чегинде чаралар көрүлүп айып пулдар чегерилери эскерилди.