Жаңылыктар
13.06.2025
Кароолор (4)
Токтогул шаарынын мэри Болот Максутбаев Бала-Чычкан айылынын Кара-Жыгач каналын тазалоо иштери менен жеринен таанышты.

Иш сапардын жүрүшүндө Бала-Чычкан айылындагы Кудаяр участкасында 13-июньдагы жамгырдан соң олуттуу жабыр тарткан Кара-Жыгач каналын калыбына келтирүү жумуштарын жеринен көрүп, калкты сугат суу менен тез арада камсыз кылуу керектигин белгилеп,кошумча техника тартуу, күчөтүлгөн тартипте ишти уюштуруу боюнча тиешелүү адистерге тапшырмаларды берди.
Андан соң Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы аким Акылбек Тюкебаев менен бирге Жаңы-Жол айылындагы Кормоцех участкасында пландалган электр жабдууларын орнотуу иштерин жерин көрүп, эмне себептен иштин кечеңдеп жаткандыгы боюнча тиешелүү адистердин маалыматын укту. Жумушту аягына чыгарып ишти тездетүүнү боюнча Токтогул райондук электр тармактар ишканасынын башчысына табыштап, ишти жеке көзөмөлүнө алууну сурады.