,

Токтогул шаары, Черноткач көчөсү, 5

Жаңылыктар

09.07.2025

Кароолор (10)

Токтогул шаарынын мэри Болот Максутбаев борбордук базарда соода сатык менен алкетенген ишкерлер менен жолугушту.

Жолугушууда шаар мэри тарабынан ишкерлерге карата ишкердик объектилеринин тазалыгына кам көрүү, таштандылардын үйүлүшүнө жол бербөө, мүмкүнчүлүктөрүнө жараша өз аянттарынын сырткы көрүнүшүн оңдоо, айланасын көрктөндүрүү боюнча бир катар талаптар коюлду.

Шаар мэри Болот Максутбаев коюлган талаптар шаарыбыздын тазалык абалын жакшыртууга багытталгандыгы жана тазалык абалынын жакшыруусуна тиешелүү кызматтар менен эле катар бардык жергиликтүү туругандар, анын ичинде ишкерлердин дагы жоопкерчилиги жогору экендигин баса белгилеп, кээ бир соода түйүндөрүнүн кылган иштерин үлгү катары алкоого татыктуу экенин айтса, айрымдарына айланасын тазалап ирээтке келтирүүгө 3 күндүк мөөнөт берилди.