,

Токтогул шаары, Черноткач көчөсү, 5

Жаңылыктар

09.07.2025

Кароолор (6)

Токтогул шаарынын мэри Болот Максутбаев Европа Өнүктүрүү Банкынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууга Токтогул шаарынын мэри Болот Максутбаев, Улуу Британиянын Лондон шаарынын келген Директордун орун басары, Европа өнүктүрүү банкынын Туруктуу инфраструктура департаментинин долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы, таза суу жана саркынды сууларды жөнгө салуу боюнча адис, инженер-гидротехник Дэвид Тайлер мырза, ЕӨБ нын Туруктуу инфраструктура департаментинин өкүлү Кызжибек Батырканова, Казакстан өлкөсүнөн келген ЕӨБнын өкүлү Елдос Султанбек, муниципалдык Суу Канал ишканасынын башчысы Чыныбек Анарбаев катышышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Токтогул шаарынын, Кызыл-Туу, Куйбышев, Жаңы-Жол айылдарында ишке ашуусу күтүлгөн Таза-Суу долбоорун 2 фазасынын финансылык, техникалык шарттары, тараптардын милдеттенмелери боюнча кенен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Жолугушуудан соң долбоордун алкагында Таза—Суу менен камтылуучу аянтар муниципалдык Суу Канал ишканасынын башчысы Чыныбек Анарбаев тарабынан ЕӨБнын өкүлдөрүнө жеринен көрсөтүлүп, анилизденди.