,

Токтогул шаары, Черноткач көчөсү, 5

Жаңылыктар

13.12.2024

Кароолор (78)

Токтогул шаарынын мэри Болот Максутбаев , Токтогул райондук администрация башчысы аким Акылбек Түкөбаев, менен биргеликте шаар аймагындагы курулуштардын курулуш этабы менен жеринен маалымат алды.

Иш сапар алкагында шаар жетекчилиги Арал айылындагы Т.Тешебаев мектебине жаны салынып жаткан имараттын, Жаны-Жол айылындагы бала-бакчанын, шаар аймагындагы Күн-Нуру балдар бакчасына ашкана салуу, Кара-Тектир айылындагы Адеми балдар-бакчасынын курулушун жеринен көрүп, тиешелүү адистерге курулуштардын сапатын тыкыр көзөмөлдөп,ошол эле учурда ишти ыкчам бүткөрүүгө аракет кылуусу керек экендиги айтып өтүштү.

Живпром участкасында жаңы трансформатор орнотуу иштеринен кабар алышып, Кара-Тектир айылында кичи-футболдук аянтчанын абалы боюнча Токтогул шаардык кенешинин депутаттары менен биргеликте жеринен талдоо, оюн аянтчасын калыбына келтирүүгө керектүү кадамдар жөнүндө талкуулар болду. Аткаруу бийлиги тарабынан мүмкүнчүлүктөргө жараша элдин суроо талабын канааттандырууга болгон күч аракеттер жумшалаары айтылды.