,

Токтогул шаары, Черноткач көчөсү, 5

Жаңылыктар

20.06.2025

Кароолор (4)

Токтогул шаарынын мэри Болот Максутбаев Токтогул шаарынын Сүйөркулов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары менен жолугушту.

Жолугушуу таштанды төгүүдө жаралган маселелерден улам уюштурулуп, ага көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары менен бирге “Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишканасынын башчысы Марс Абдылдаев катышты.

Токтогул шаарынын мэри Болот Максутбаев тарабынан таштанды үкөктөрүн орнотуу баш аламан төгүлгөн Сүйөркулов көчөсүндөгү таштандыларды болтурбоо максатында уюштурулуп жаткандыгы айтылып, белгиленген тартипке көнүү керектигин белгиледи.

Муниципалдык ишкананын башчысы тарабынан алдыда дагы таштанды үкөктөрүн орнотуу пландалып жатканы, ташатандыларды өз убагында чыгарып, тейлөө сапаты жакшыртылаары убадаланды.

#Токтогул

#Токтогулшаары

#Токтогулшаардыкмэриясы