,

Токтогул шаары, Черноткач көчөсү, 5

Жаңылыктар

30.07.2024

Кароолор (198)

Токтогул шаарынын мэри Максутбаев Болот Дыйканович борбор калаабыз Бишкек шаарына болгон иш сапарынын алкагында Мамлекттик Ипотекалык Компаниянын жетекчисинин орунбасары Жээмбаев Тилек Жанышович менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда Токтогул шаарында жарандарды арзан турак жай менен камсыздоо, ипотекалык насыялоо жана эконом-класстагы турак жай курулуш секторуна финансылык ресурстарды тартуунун узак мөөнөттүү туруктуу механизмдерин ишке ашыруу, ипотека рыногун өнүктүрүү, калктын турак жай алуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу, коомдун өркүндөшү жана калктын жашоо деңгээлинин жогорулашы үчүн турак жай менен камсыздоо жаатындагы социалдык милдеттерди чечүү аркылуу Кыргыз Республикасынын экономикасынын туруктуу өнүгүшүнө салым кошуу , жарандарын жеткиликтүү жана узак мөөнөттүү ипотеканын эсебинен турак жай сатып алуу мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу механизмдери талкууланды.

Айыл аймакта инфраструктураны өнүктүрүү, анын ичинде көп кабаттуу турак жайларды салып баштоо учур талабы экени айтылып, келечекте ишке ашырылуучу долбоорлорго эки тарап тең бирдей кызыктар экени баса белгиленип өттү. Токтогул элине ыңгайлуу шарттарды түзүүдө кызматташууну мындан ары да эки тараптуу туруктуу өркүндөтүүгө болгон күч аркеттерин жумшай берилээри айтылды.