Жаңылыктар
30.12.2025
Кароолор (8)
Токтогул шаарынын мэринин балатысы болуп өттү.
2025-жылдын 29-декабрь күнү Ж.Бөкөнбаев мектебинде уюштурулган шаар мэринин балаты майрамы болуп өттү. Балаты майрамына шаар жана ага караштуу айыл аймактардан чакырылган окуучулар катышып, келген конокторго Ж.Бөкөнбаев мектебинин окуучулары тарабынан жана шаар аймагындагы мектепке чейинки даярдоо бөлүмдөрүнөн атайын даярдалган концерттик программалар коюлуп берилди.
Иш чарага Токтогул шаарынын мэри Б.Бактыбеков, Токтогул шаардык кеңешинин төрагасы С.Кылданов жана Токтогул шаарынын аялдар кеңешинин төрайымы А.Түлөкеева катышып окуучуларды кирип келген 2025-жаңы жылы менен куттуктоо сөздөрүн айтып, белектерди тапшырышты.