Жаңылыктар
01.11.2023
Кароолор (38)
Токтогул шаарынын Суйөркулов көчөсүнөн Черноткач көчөсүнө кеткен тротуардагы мыйзамсыз салынган курулуштар

31.10.2023-жылы Токтогул шаарынын Суйөркулов көчөсүнөн Черноткач көчөсүнө кеткен тротуардагы мыйзамсыз салынган курулуштарды Токтогул шаардык кенешинин төрагасы Мирбек Борбугулов жана Токтогул шаарынын мэри Тойгонбаев Эркин Абасканович тиешелуу адистер менен жеринде көрүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен мыйзамсыз курулуштарды озүм билемдик менен уруксатсыз куруп алган ишкерлерге 3-7күндүн ичинде бузуу керек экендиги боюнча эскертүү берди. Буга чейин аларга мэрия тарабынан бир нече ирет ооз эки жана кат жүзүндө эскертүүлөр берилген. Мыйзамсыз курулуш курулган жерден канализация системасы өткөндүктөн бузуу иштери өтө зарыл. Тротуар бошотулуп Бишкек көчөсүнө чейинки аралыкта жаны тротуар куруу жагы пландалууда.