Жаңылыктар
04.09.2024
Кароолор (46)
Токтогул шаарынын сырткы көрүнүшүн жакшыртуу максатында иш чаралар Токтогу шаарынын аймагында жүргүзүлүүдө.

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 67, 2023-жылдын 10-февралындагы № 64 токтомдорунун редакциясына ылайык Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасынын алкагында, ошондой эле Токтогул шаарынын сырткы көрүнүшүн жакшыртуу максатында иш чаралар Токтогу шаарынын аймагында жүргүзүлүүдө.
Бүгүнкү иш чара Бишкек-Ош автожолунун жээгинде жүргүзүлдү. Буга чейин эскертүүлөр берилип сырткы көрнөк жарнактарды ирээтке келтирүү, мыйзамсыз рекламалык щиттерди алдыртуу жагы жеке ишкерлерге шаар мэри Болот Максутбаев тарабынан айтылган. Токтогул шаарынын вице-мэри Тахмина Дарманова, Токтогул райондук шаар куруу жана архитектура бөлүмүнөн, жана башка тиешелүү мекемелердин өкүүлдөрүнөн турган комиссия түзүлүп жеринен иш алып барышты. Жыйынтыгында эскилиги жеткен, талапка жооп бербеген баннерлер, мыйзамсыз рекламалык конструкциялар Бишкек-Ош автожолунун жээгинен алындыртуу иштери жүрүүдө.