Жаңылыктар
11.11.2025
Кароолор (8)
Токтогул шаарынын Жаңы Жол айылында электр тармагын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Долбоордун алкагында Үзеке Ата, Асыран, Бекмырза көчөлөрүндө жалпы 63 даана жаңы электр мамычасы орнотуу пландалган.
Бунун алдында көчөлөрдү кеңейтүү жана тазалоо иштери аткарылып, ашыкча бак дүмүрлөрүн тазалоо иштери жүргүзүлдү. Долбоор муниципалдык “Ыңгайлуу шарт” ишканасынын техникаларынын пайдалануу менен жүзөгө ашырылып, жергиликтүү тургундар көмөктөшүүдө.
Электр мамычалары “Атайын эсеп” мамлекеттик мекемеси тарабынан каржыланып, айылдагы электр камсыздоонун сапатын жогорулатууга жана жашоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.