Жаңылыктар
25.11.2024
Кароолор (29)
Токтогул шаарынын жашоочуларына арзандатылган баада көмүр таркатылды

Жылытуу мезгили башталышы менен көмүрдүн баасынын жогорулашын алдына алуу жана жергиликтүү туругударды арзан баадагы көмүр менен камсыздоо максатында шаар аймагында арзандатылган баада көмүр таркатылды.
Иш-чаранын алкагында шаар тургундарына арзандатылган баада көмүр тартуу үчүн “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, жалпы 28 тонна көмүр элге киллограмы 6 сом 50 тыйын баада таркатылып берилди.
Жакынкы аралыкта дагы ушундай эле иш чаралар Токтогул шаардык мэриясы тарабынан улантылат. Шаар элинин көмүргө болгон муктаждыктарын чечүүгө салым кошууну каалаган жүк ташуучу унаа ээлерин кызматташууга чакырабыз. Толук маалымат алуу үчүн Токтогул шаардык мэриясына кайрылыңыздар.