,

Токтогул шаары, Черноткач көчөсү, 5

Жаңылыктар

15.05.2024

Кароолор (80)

Токтогул суу сактагычынын акваториясында осетр балыктарынын кластери түзүлөт

Токтогул суу сактагычында осетр балык кластерин түзүү боюнча Токтогул шаардык мэриясы, Балык чарба департаменти жана “Азия Продукт” ЖЧКсынын ортосунда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк макулдашуусуна кол коюлду.

Белгиленгендей, долбоорду ишке ашыруу үчүн 82 млн сомдук инвестиция тартуу пландалууда. Макулдашуунун мөөнөтү 25 жылды түзөт.

Долбоор балык запастарын сактоонун, көбөйтүүнүн жана сарамжалдуу пайдалануунун негизинде балык чарба комплексинин туруктуу иштешине жетишүүгө, өлкөнүн ички сууларында аквакультураны өнүктүрүүгө жана балык азыктарына болгон ички керектөөнү камсыздоого багытталган.