,

Токтогул шаары, Черноткач көчөсү, 5

Жаңылыктар

25.03.2025

Кароолор (18)

Укук бузуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарын негиздерин түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча коопсуздук ФОРУМу болуп өттү.

Бүгүн, 2024-жылдын 11-декабрында райондук мамлекеттик администрациясынын чоң жыйындар залында КРнын ИИМдин ЖКККББнын өкүлдөрү тарабынан жол унаа кырсыктарын жана укук бузуулардын алдын алуу 2 айлык иш-чарасын өткөрүү жөнүндө укук бузуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарын негиздерин түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча коопсуздук ФОРУМу болуп өттү.

ФОРУМга укук коргоо органдарынын башчылары, мекеме ишканалардын жетекчилери, шаардын мэри, айыл өкмөт башчылары, райондун имамы, мектеп директорлору, мугалимдери жана окуучулары катышышты.

ФОРУМда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын штабынын башчысы, милициянын полковниги Сайтходжаев Бахрам Хамидович Жалал-Абад облусунун аймагында жол-унаа кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында маалымат берди.