,

Токтогул шаары, Черноткач көчөсү, 5

Жаңылыктар

12.05.2025

Кароолор (4)

Улуу жеңиштин 80-жылдык мааракесине карата Токтогул шаарынын аймагында ардагерлердин жубайларын куттукташты.

Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы аким Акылбек Тюкебаев, Токтогул шаарынын мэри Болот Максутбаев Улуу жеңиштин 80-жылдык мааракесине карата Токтогул шаарынын аймагындагы согуш ардагерлеринин жубайларынан кабар алышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Токтогул шаарынын мэри Болот Максутбаев согушту жон териси менен сезип, ааламат согуш отун кечкен ардагерлердин өмүрлүк жолдошторуна, үй бүлө мүчөлөрүнө кайрат айтып, чың ден-соолук каалады. Ошол учурда ардагерлердин мекен үчүн жасалган эрдиктери жана каармандыктары болбогондо балким азыркы убакта башкача жашоо өкүм сурмөктүгүн айтып, согуш ардагерлеринин жашоодо тең шериги болуп, турмуштун оош кыйыштарында бирге болгон энелерге майрамдык маанай тартуулоо максатында терең ыраазычылыгын билдирип, белгиленген өлчөмдө акча каражатын ыйгарды.