,

Токтогул шаары, Черноткач көчөсү, 5

Жаңылыктар

12.02.2026

Кароолор (4)

Урматтуу Токтогул шаарынын тургундары!

 

Аба ырайынын кескин өзгөрүүунөн улам, учурда жолдор тайгак болуп, жол кырсыктарынын, ошондой эле бак-дарактардын кулап кетүү, электр линияларынын үзүлүү ыктымалдуулугу жогорулады.

Жогорудагыларга байланыштуу Токтоктогул шаардык мэриясы сиздерден:

• Зарыл болбосо алыс жолго чыкпоону;

• Унаа айдоочуларды ылдамдыкты азайтып, аралыкты сактоону;

• Жөө жүргүнчүлөрдү бак-дарактардан, электр зымдарынан алыс болууну;

• Өзгөчө кырдаал жаралган учурда тиешелүү кызматтарга дароо кабарлоону өтүнөт.

Өзүңүздөрдүн жана жакындарыңыздардын коопсуздугуна кайдыгер карабаңыздар!