Жаңылыктар
28.05.2025
Кароолор (33)
Үстүбүздөгү жылдын 28-май күнү Токтогул шаарынын Маданият үйүндө “Асылзат апалар – 2025” аттуу кароо-сынагы болуп өттү.

Кароо сынакка Токтогул Райондук Мамлекеттик Администрация башчысы акимдин орун басары Аттокуров Кутубек Нуржанович, Токтогул шаарынын мэринин орун басары Дарманова Тахмина Шаршанбековна, Токтогул шаардык кеңешинин төрайымы Түлекеева Асылбү Таштемировна жана жергиликтүү туругундар катышышты.
Кароо сынак коомдук турмуштун жүрүшүндө салтуу жана заманбап баалуулуктардын тең салмактуулугун сактап, улуттук нарк негиздерине таянып, жарандын аң-сезиминде мекенчилдик сезимди күчөтүү жана өсүп келе жаткан жаш муундарга жакшы жагынан таасир калтыруу максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы № 369 “Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жарлыгынын алкагында жана 22-май Энелер күнүнө карата уюштурулуп, ага Токтогул шаарынан жана ага караштуу айыл аймактардан тандалып алынган асылзат апалар катышып, сынактын жоболоруна ылайык даярдалган саламдашуу, “Келин жаман эмес, келген жери жаман” темасында театралдашкан цена, катышуучунун аткаруусунда “Элдик ыр”, улуттук тамаш аш, ийик ийрүү өңдүү номерлер көрүүчүлөрдүн жана калыстардын назарына тартууланды.
Сынактын жүрүшүндө жеңүүчүлөр аныкталып, 1,2,3 орунду камыз калган конкурсатнттарга жергиликтүү бюджеттин эсебинен каралган акчалай сыйлыктар жана дипломдор, “Ажарлуу айым”, “Улуттун уузу”, “Чыгармачыл айым”, “Өнөрлүү эне” номинациялары боюнча аныкталган жеңүүчүлөргө көнүл жубатуучу сыйлыктар ыйгарылды.
Андан сырткары Токтогул шаарынын аймагында ар кыл тармакта эмгектенип элге эмгеги сиңген асылзат энелер Токтогул шаардык аялдар кенеши тарабынан даярдалган ыраазычылык каттар, төш белгилер менен сыйланды.