Жаңылыктар
09.07.2025
Кароолор (11)
Жаңы окуу жылына карата Арал айылында жаңы мектеп имараты пайдаланууга берилет

Токтогул шаарынын мэринин орун басары Тахмина Дарманова 2025- жылдын 1-сентябрына ачылышы күтүлүп жаткан Токтогул шаарынын Арал айылындагы Т.Тешебаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин жаңы имаратынын курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты. Ыкчам иш алып баруу жана кошумча жумушчу күчүн тартуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.