Жаңылыктар
20.05.2025
Кароолор (15)
Жаңы-Жол айылындагы Төш-Арык каналында жайгашкан көпүрөнү кеңейтүү иштери жүргүзүлдү.

Кабыл алынган чечимдердин натыйжасында Жаңы-Жол айылынын Бузурман көчөсүндө жайгашкан көпүрөгө кошумча бетон шакекчелерин орнотуу иштери аяктады.
Сугат учурунда жана жаан чачындардан улам Төш-Арык каналы аркылуу өтүүчү суу Бузурман көчөсүндө жайгашкан көпүрөгө суу батпай, буга чейин көчөлөрдү бир нече жолу каптап, бир топ ыңгайсыздыктарды жараткан эле.
Жүргүзүлгөн иш чаралардын алкагында аталган көпүрөгө кошумча 8 даана бетон шакектери орнотулуп, Төш-Арык каналы аркылуу суунун көлөмүн көбөйтүүгө шарттар түзүлдү.