Жаңылыктар
17.12.2025
Кароолор (13)
Жарандарды кабыл алуу графигине ылайык Токтогул шаарынын мэри Бактыбеков Бекмамат Бактыбековичтин жарандар менен кезектеги жолугушуусу уюштурулду.
Шаар тургундары тарабынан жер, суу, жайыт жерлерин пайдалануу жана башка маселелер боюнча суроолор узатылып жеринен тиешелүү кеңештер, түшүндүрмөлөр берилди.
Эске салсак Токтогул шаарынын мэри Б.Бактыбековдун жарандарды кабыл алуусу ар жуманын дүйшөмбүсү саат 14:00 дон 16:00 го чейин, жума күнү саат 10:00 дон 12:00 го чейин.
Токтогул шаарынын мэринин орун басары Т.Дарманованын жарандарды кабыл алуусу ар жуманын шейшембиси саат 14:00 дон 15:00 го, бейшемби күнү 10:00дөн 12:00 гө чейин.
Токтогул шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Т.Шатманалиевдин кабыл алуусу ар жуманын шаршемби күнү саат 14:00дөн 15:00 го чейин уюштурулат.