,

Токтогул шаары, Черноткач көчөсү, 5

Жаңылыктар

03.03.2025

Кароолор (31)

Жаштар жана ыңгайлуу шаар долбоору старт алды

Маданият, спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти жергиликтүү деңгээлде балдардын жана жаштардын укуктарын ишке ашырууда муниципалдык башкаруу органдарына колдоо көрсөткөн «Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар» долбоорунун биринчи этабы башталды.

Бул демилге өз шаарын өнүктүрүүгө, жашоо-шартты оңдоону каалаган балдарды жана жаштарды,  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, жарандык коом уюмдарын, жеке секторду бириктирет.

Ал жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жаштардын жана балдардын үнүн жана муктаждыктарын эске алуу менен ресурстарды пландаштырууга жана бөлүштүрүүгө жардам берүүчү куралдарды сунуштайт.

«Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар» долбоорун ишке ашыруу үчүн департамент Консультативдик кеңешти түзүүнүн башталышын жарыялайт.

Бишкек шаарынын жаштар иштери боюнча консультациялык кеңеши Маданият, спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин алдында түзүлүп, коомдук башталышта иш алып барган жаштар саясаты жаатындагы коллегиалдуу, кеңеш берүүчү орган болуп саналат.